• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Эне тил жана жаратмандык” аталышындагы иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Кыргызпатент 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тил жана жаратмандык” аталышындагы иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын алкагында “Кыргыз Республикасынын ойлоп табуучулары жана натыйжалуу жаңычылдары” аттуу китептин бет ачары өттү. Китеп Кыргызстандын ойлоп табуучулары жана алардын эмгектери тууралуу маалыматтарды өзүнө камтыйт.

Иш-чараны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, Кыргызпатент илимде жана техникада маанилүү ачылыштарды жасаган жана ойлоп табуулары өндүрүшкө ийгиликтүү киргизилген ата мекендик ойлоп табуучулар менен сыймыктанарын, өлкөнүн ар бир жаратманынын жергиликтүү өндүрүш үчүн жаңы ойлоп табууларды жаратууга кошкон салымы – жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуунун негизи болорун билдирди. Ошондой эле келечекте илим өсүп-өнүгүп, кыргыз тилинде жазылып жана сүйлөнүшүнө терең ишеним арта тургандыгын белгиледи.

Иш-чарага белгилүү ойлоп табуучулар, илимий кызматкерлер катышып, аларга жаңы чыгарылган китептер белекке берилип, эстрада ырчылары жагымдуу чыгармаларды тартуулашты.

Пикир

Оставить комментарий