• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санкт-Петербургда Кыргызстандын жараны чөгүп каза болду – элчилик

Кырсык 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Россиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын жараны чөгүп кетти. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Санкт-Петербургдун Фрунзе районундагы Интернационалисттер паркындагы көлмөдө болгон. 21 жаштагы А.А.А ал жакта достору менен эс алып жүргөн.

Жүк-200дү алып келүү үчүн маркумдун атасына керектүү болгон жардам көрсөтүлгөн.

Жүк-200 14-августта Ошко жөнөтүлдү, - деп кошумчалашты элчиликтен.

Пикир

Оставить комментарий