• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жол кырсыгынын кесепетинен Кара-Балта дарыясына 20 тонна бензин төгүлгөн

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Жол кырсыгынын кесепетинен Кара-Балта дарыясына 20 тонна бензин төгүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 21-ноябрда Бишкек - Ош унаа жолунун 113-чакырымында DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа жолдун четиндеги тосмону сүзүп, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы З.Д. аттуу айдоочу жабыркап, тез жардам кызматы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми кулаган цистернадан 20 тонна бензин төгүлүп, Кара-Балта суусуна куйган.

Буга байланыштуу Талды-Булак жана Сосновка айыл аймактарынын айылдарына суу берүү токтотулган.

Учурда суу экспертизадан өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий