• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Санкт-Петербургдагы терактта курман болгондордун арасында кыргызстандыктар жок – КР ТИМ

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Санкт-Петербургдагы терактта курман болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиргендей, РФдагы КР элчилигинин маалыматына караганда азыркы учурда жардыруунун кесепетинен курман болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. “Мындан тышкары, учурда жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар же жоктугу тууралуу маалымат алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Жабыркагандардын расмий тизмеси күтүлүүдө. Иштер уланууда”, - деп белгиледи басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 3-апрелде 15:00 чамасында петербург метросунун вагонунда «Сенная площадь» жана «Технологиялык институт» станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. УАК такталган маалыматтары боюнча курман болгондор 11 адам, 45и ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий