• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шаардын көркүн бузууда. Ошто башаламан таштанды ыргыткандарга эскертүү берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Ош шаарынын бардык кичи райондорунда соода объектилеринин, жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдүн жана жеке сектордун жанындагы таштандыларды чыгарууну нормага келтирүү боюнча пландык рейддер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейдке Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Э. Кармышаков, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Исмаилов жана кызматкерлери, мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн адистери, МАБ башчылары катышкан.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө таштандыларды атайын бөлүнгөн жайларга – таштанды контейнерлерине салуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Анткени бир катар соода объектилери, жеке адамдар таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгарып, санитардык нормаларды да, шаардын көрүнүшүн да бузуп жатышат.

Таштанды чыгарууда нормаларды бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, буйруктар жана эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жаңыдан пайдаланууга берилген көп кабаттуу турак жайлардын аймагында таштанды контейнерлеринин милдеттүү түрдө болушу боюнча маселе көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий