• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо 2020: БШК тартипти жана тактыкты көрсөттү – эксперт

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кечээ, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. "Шайлоо жылында кайсы мамлекеттин болбосун БШКнын ишине оор жүк түшөт.

Белгилей кетсем, БШК тартипти жана тактыкты көрсөттү. БШК структурасынын иштөөсүнө көп жыл болбосо да жылдан жылга өсүп жатат жана мындан ары дагы өнүгүп, жогорку кесипкөйлүктү көрсөтөт", - деп белгиледи саясий байкоочу Евгений Донченко.

Ал Кыргызстан Борбор Азиядагы өзүнүн демократиялык принциптерин так көрсөткөн биринчи өлкө экендигин белгиледи.

"2010-жылдан баштап Кыргызстандын тарыхында жаңы ачылыш болду. Дал ушул мезгилден баштап кооз ураандарды иш жүзүндө колдонуу башталды. Башында кыска убакыттын ичинде өлкө кантип башкаруунун формасын өзгөртүп, парламентаризмге өтөөрүнө ишенүү кыйын эле. Бирок кыргыз элинде, кыргыз саясий элитасында чоң саясий эрк бар", - деп кошумчалады эксперт.

Пикир

Оставить комментарий