• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо-2020: КРнын Россиядагы элчилигинде кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушуу болду

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. 2-сентябрь күнү 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоо боюнча Москва шаарындагы жана Москва облусундагы жаш лидерлер, блогерлер жана кыргыз диаспора уюмдарынын активисттери менен кезектеги жолугушуу болуп өткөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирет.

Жолугушууга 40ка жакын кыргыз диаспора уюмунун өкүлдөрү катышкан.

Жолугушуу учурунда элчи Аликбек Жекшенкулов 2-сентябрга карата элчиликте 4 миң 774 жаран консулдук каттоодо турганын, анын ичинде 2 миң 149 жашы жете элек балдар бар экенин айткан. Ошентип шайлоочулардын тизмесинде 2 миң 625 жаран катталган.

Шайлоого даярдануу максатында элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар - тактап айтканда, КР БШКнын Москва шаарында эки шайлоо комиссиясын бекитүү жөнүндө, консулдук бөлүмдө жарандарды кабыл алуу үчүн "терезелерди" кеңейтүү, консулдук дистанттык каттоонун механизмин иштеп чыгуу, шайлоо кутулары жана биометрикалык маалыматты чогултуу үчүн жабдуулар жетиштүү экендиги жөнүндө маалымат берилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө шайлоочулардын тизмеси көбөйө турган болсо, ага карата алдын ала даярдыктарды көрүү боюнча талкуу болгон. Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн айтымында, шайлоочулардын саны көбөйсө, Москвадагы эки шайлоо тилкеси шайлоочулардын баарын кабыл ала албай калышы мүмкүн. Активисттер жана блогерлер белгилегендей КР БШКсына электрондук онлайн добуш берүү программасын түзүү, шайлоо тилкелерин элчиликтин жана КРнын чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик органдарынын имараттарынын чегинен тышкары жерлерде түзүлүшү үчүн шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин өзгөртүү керек.

Талкуунун жыйынтыгында элчи Жекшенкулов элчиликтин иш убактысын узартуу чечимин кабыл алган. Тактап айтканда, иш күндөрү - дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 21:00гө чейин жана дем алыш күндөрү саат 10:00дөн 21:00гө чейин жарандардан №2 форманы кабыл алуу жана биометрикалык каттоодон өтүү боюнча иштер жүргүзүлөрү белгиленген.

"Ошондой эле №2 форманы тапшырууга арыз берген жарандар үчүн консулдук бөлүмдө өзүнчө кабыл алуу "терезесин" уйюштуруу чечими кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, Форма №2 боюнча арыз 2020-жылдын 19-сентябрына чейин берилиши керек (б.а. добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен). Аны менен бирге, электрондук кезек түзүү жана дистанттык түрдө консулдук каттоодон өткөрүү боюнча биргелешкен ишти улантуу макулдашылды. Диаспоранын сунушун эске алып, шайлоочулар саны көбөйгөн учурда, Москвадагы элчиликтин шайлоо тилкелерин кошумча 10 куту менен камсыз кылуу жөнүндө сунушту КР БШКсына жөнөтүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, элчиликтин консулдук бөлүмүнө жума сайын 2 миңден ашык жаран ар кандай маселелер боюнча кайрылышкандыгын эске алуу менен жана консулдар жетишсиз болгон үчүн диаспоранын демилгеси боюнча активисттердин арасынан консулдук бөлүмгө ыктыярчылар жиберилип, алар шайлоо алдындагы жана шайлоо мезгилинде жарандарга №2 форма толтуруп, элчиликке келгендердин бардыгы менен жекече түшүндүрүү иштерин жүргүзөт", - деп билдирет элчилик.

Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, анын жүрүшүндө катышуучуларга бардык суроолор боюнча маалымат берилген.

Пикир

Оставить комментарий