• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо тилкелери жайгаштырылган билим берүү уюмдары бир күнгө онлайн окутууга өтөт

Билим 0

Бишкек, 25.11.21. /Кабар/. Шайлоо тилкелери жайгаштырылган билим берүү уюмдары бир күнгө онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 28-ноябрында КР Жогорку Кеңешине шайлоолорду уюшкандыкта өткөрүү максатында Кыргызстандын кээ бир билим берүү уюмдарынын (мектеп, бала бакча, университет ж.б.) имараттарында участкалык шайлоо комиссияларын убактылуу жайгаштырууга уруксат берилген.

Шайлоонун эртеси, дүйшөмбү күнү, участкалык шайлоо комиссиясы жайгаштырылган билим берүү уюмунун имаратында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Ушуга байланыштуу участкалык шайлоо комиссиялары убактылуу жайгаштырылган билим берүү уюмдары гана 29-ноябрда бир күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт, ал эми калгандары өз ишин кадимки режимде, салттуу форматта уланта беришет.

Билим берүү жана министрлиги коомчулукту окуу процессине байланыштуу такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматтарга гана таянууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий