• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шайлообек Козубаев президенттин Оштогу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Шайлообек Козубаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, Козубаевди бүгүн президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Урмат Айтбаев жана облус башчысы Элчибек Жантаев эмгек жамаатка тааныштырды.

Жыйынга Ош облусунун райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, Ош облусунун ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Шайлообек Козубаев президенттин Иш башкармалыгынын уюштуруу маселелери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий