• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шахмат боюнча КР президентинин V Кубогу башталат

Спорт 0

Бишкек, 16.03.18. /Кабар/. Кыргызстан президентинин шахмат боюнча балдар арасындагы V Кубогу 17-мартта старт алат. Турнир Бишкек шаарында өтөт. Иш-чаранын уюштуруучулары КР шахмат федерациясы.

Мелдеш швейцар системасы боюнча 7 турдан турат. Кубок жана ойнотула турган медалдар үчүн бардык республика боюнча 6дан 14 жашка чейинки 250 бала катышат.

Бардыгы болуп балдар жана кыздар арасында 10 жуп медаль ойнотулат.

Турнир өлкө аймагында жаштар арасында шахмат оюнун кеңири жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий