• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азамат! Эрназар Акматалиев жаштар арасында дүйнө чемпиону аталды

Спорт 0

Бишкек, 07.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча алтын байгени утту. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында грециялык Христос Христофоридистин белине кирип, эки-үч ирет айлынтып, 12:2 эсебинде жеңишти илип кеткен. Кийинки кармашуу ирандык Али Акбар Али Аскар менен болду. Биринчи бөлүктө мекендешибиз 4:2 эсебинде утулуп келе жаткан, ага карабастан атаандашынын белине өтүп жатып эсепти 10:6га айлантуу менен жарым финалга жолдомо утуп алды.

Финалга чыкчу беттеште Акматалиев азербайжандык Мурад Евлоевге аз жерден жеңишти алдырып кое жаздады. Күрөш башталганда азербайжандык балбан кыргыз спортчунун бутуна өтүп, упайды биринин артынан алып жатты. Бирок Эрназар Евлоевдин белине өтүү менен эки упайдан топтоп, акыркы мүнөттөрдө алдыга озуп кетти. Жыйынтык 12:8, Акматалиев финалга чыкты.

Финалда армениялык балбан Вазген Теванян мекендешибизге 10:2 эсебинде баш байгени алдырып койду. Биринчи бөлүктө эки спортчу тең экиден упай алган, көп өтпөй Акматалиев атаандашын чийинден чыгарып (бир упай) жатып, акырында белге кирип айлантууга жетишти.

Аталган Чемпионатта кыз-келиндер арасында Айпери Медет кызы алтын, эркин күрөш боюнча Бекболот Мырзаназар уулу күмүш медалга татыды.

Эскерте кетсек, буга чейин Осло шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Эрназар Акматалиев күмүш медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий