• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Агроөнөр жай тармагынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев агроөнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышты.

Парламенттен билдиришкендей, майрамдын алкагында “АгроТехЭкспо-2023” агроөнөржай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкеси өттү.

Салтанатта сөз сүйлөгөн төрага Нурланбек Шакиев айыл чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап: “Калкыбыздын жашоо турмушу айыл чарбасына тыгыз байланышкан. Себеби, элибиздин дээрлик 65%дан ашыгы элет жеринде жашап, дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Андыктан, айыл чарба тармагын заманбап шартта өнүктүрүү мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат”, – деди.

Муну менен катар аталган тармакта кемчиликтер менен катар жетишкендиктер да бар экенин айткан Нурланбек Шакиев: “Акыркы жылдары агроөнөр жай тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, көптөгөн каражаттар бөлүнүүдө. Айрыкча жаңы жерлерди өздөштүрүүгө жана сугат суу менен камсыздоого багытталган долбоорлор ишке ашырылууда”, – деди.

Ошондой эле мамлекеттин өнүгүшү улуттун саламаттыгына көз каранды экенин белгилеп: “Буга байланыштуу таза экологиялык азыктарды өндүрүүгө жана ветеринардык абалды жөнгө салууга басым жасашыбыз керек”, – деп кошумчалады төрага.

“Кыргызстандан экспорттолгон айыл чарба продукцияларынын суммасы былтыр 38 млрд сомду түзгөн экен. Бул көрсөткүч быйыл дагы жогорулайт деген ишеничтемин. Анткени, 2023-жылы айыл чарба министрлигине 11,7 млрд сом бөлүнгөн. Каралган каражат сарамжалдуу пайдаланылса, бир топ ийгиликке жетишүүгө болот. Тилекке каршы, агрардык өлкө экенибизге карабай эт азыктары менен Кыргызстан өзүн 65% гана камсыздайт. Андыктан, азык түлүк менен өзүбүздү өзүбүз толук камсыздоого багытталган иш аракетти улантышыбыз зарыл. Айрыкча ири чарбаларды, кооперативдерди түзүп, өндүрүштүн сапатын өстүрүүгө аракет кылуубуз кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.

Андан соң төрага агроөнөр жай тармагында үзүрлүү эмгектенген адистерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Мындан сырткары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү жетекчилер менен бирге “АгроТехЭкспо-2023” агроөнөржай көргөзмөсүн жана “Алтын күз” айыл чарба азыктарынын жарманкесин көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий