• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусу боюнча жалпы 92 чакырым СИП-2 аба чубалгылары тартылды

Аймак 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Чүй облусунун райондорунда жаңы СИП-2 аба чубалгылары тартылды. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй электр тармактар ишканасынын Панфилов жана Москва РЭТтеринин электр куроочулары тарабынан керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн Панфилов жана Москва райондоруна изоляцияланган СИП-2 аба чубалгылары тартылып бүттү.

Энергетиктер Панфилов районунун Кум-Арык айылына 1 чакырымга жакын, Москва районунун Садовый айылына 2 чакырым изоляцияланган СИП-2 аба чубалгыларын тартышты. Ошентип, Чүй облусу боюнча жалпы 92 чакырым СИП-2 аба чубалгылары тартылды.

"Бул иштер Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан 2023-жылдын капиталдык курулуш жана кайра куруу иштеринин алкагында аткарылды жана Панфилов жана Москва райондорундагы керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий