• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда мектептердеги санитардык талаптардын сакталышы текшерилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда мектептердеги санитардык талаптардын сакталышы текшерилүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, облустук оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана областтык усулдук билим берүү бөлүмү Базар-Коргон жана Ноокен районундагы мектептерди текшерүүгө алды. Анда окуучулардын саламаттыгына кам көрүү, санитардык эрежелердин сакталуусу маанилүү экени айтылып, коюлган кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилди.

Облус аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын райондук жана шаардык штабдарынын чечими менен 12-январдан тарта 475 мектепте салттуу окуу башталган. Алардын ичинен 362 мектепте 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар толук билим алышууда.

Аталган мекемелерде санитардык коопсуздук чараларын көзөмөлгө алуу алдыдагы күндөрү да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий