• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев БА мамлекеттеринин жана Кореянын парламент төрагаларынын кеңешмесине катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламенттеринин төрагаларынын Сеул шаарында уюштурулган алгачкы кеңешмесине катышты.

ЖК басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Корея-Борбордук Азия аймактык кызматташтыгынын көз карашы жана багыты: кийинки 30 жыл үчүн жаңы кадам" аталышында өткөн негизги сессияда парламент төрагалары алакаларды арттыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.

Өз кезегинде Нурланбек Шакиев өткөрүлүп жаткан жолугушуу мамлекеттер аралык байланыштарды арттырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп: "Айрыкча бул кеңешме кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзүп, Борбор Азия мамлекеттеринин Корея менен болгон мамилелерин чыңдоого олуттуу салым кошот. Анткени, парламенттик дипломатия өлкөлөр ортосундагы бекем жана ишенимдүү мамилелерди калыптандыруунун уникалдуу формасы эле эмес, мамлекеттерди өнүктүрүүнүн маанилүү ыкмасы болуп эсептелет", – деди.

Муну менен катар Кыргызстан коңшу мамлекеттер жана Корея менен достукка жана ишенимге негизделген өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдар экендигин айткан Нурланбек Шакиев туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралар тууралуу сөз кылды.

"Айрыкча экология маселелери Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Биздин өлкө жаратылышка, айрыкча мөңгүлөргө жана биологиялык ар түрдүүлүккө аяр мамиле жасоого багытталган жигердүү саясатты жүргүзүп, маанилүү эл аралык демилгелерди көтөрүп келет. Андыктан аларды ишке ашырууда эл аралык өнөктөштөргө жана климаттык фонддорго ишеним артабыз", – деди төрага.

Ошондой эле Кыргызстандын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылган Нурланбек Шакиев биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Сөзүнүн аягында мындай жолугушууларды келечекте да өткөрүү зарылчылыгын кошумчалаган Жогорку Кеңештин төрагасы кеңешмени жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн Кореяга ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, парламент төрагаларынын алгачкы кеңешмесине Кыргызстандын, Кореянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттеринин төрагалары катышты.

Пикир

Оставить комментарий