• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандан Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы түз аба каттамдарын ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Кыргызстандан Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында "МЭА" коммерциялык директору Тимур Аралбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, октябрдын аягында Шарм-эш-Шейх (Египет) – Бишкек мезгилдик чартердик рейси ачылат. Авиакаттам кыш мезгилинде созулат. Ошондой эле Нячанг – Бишкек (Вьетнам) каттамы ачылат.

Андан тышкары, Ош – Ташкент, Ош – Урумчи, Бишкек – Чэнду аба каттамдарын ачуу пландалууда.

"Ош – Ташкент рейси ачылышы мүмкүн, учурда аталган маселе иштелүүдө. Тарыхта буга чейин мындай каттам болгон эмес. Учурда уруксат документтерин алуу стадиясындабыз", - деди Тимур Аралбаев.

Пикир

Оставить комментарий