• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев баштаган депутаттар Венгриянын тарыхый инсандарына арналган мемориалга гүлчамбар койду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.24./Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Венгрияга (Мажарстан) мамлекетиндеги расмий иш сапары башталды.

Алгач төрага Нурланбек Шакиев делегация мүчөлөрү менен бирге Будапешт шаарындагы Баатырлар аянтына барып, Мажарстан мамлекетинин тарыхый инсандарына арналып тургузулган мемориалга гүлчамбар койду.

Ошондой эле төрага Нурланбек Шакиев расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрүп, анда эки тараптуу алакаларды арттырууга байланышкан маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Гүлшаркан Култаева, Максатбек Сарбагышев жана Азамат Исираилов коштоп жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий