• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте спорттун жети түрү боюнча спартакиада өтөт

Спорт 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бишкектин жогорку жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында “Ден соолук – 2024” спартакиадасы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш 12-27-февраль күндөрү К.И.Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинин спорттук базасында болот.

Спартакиадада спорттун 7 түрү боюнча оюндар өтөт:

• Футзал;
• Стритбол;
• Тогуз коргоол;
• Стол үстүндөгү теннис;
• Волейбол;
• Шахмат;
• Ордо.

Пикир

Оставить комментарий