• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Шакиев Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.24./Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрия (Мажарстан) мамлекетиндеги расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуттук Ассамблеясынын төрагасы, азыркы тапта президенттин милдетин аткарып жаткан Ласло Кёвер менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев Мажарстан Кыргызстандын Европа биримдигиндеги негизги стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп: «Акыркы жылдары кызматташтык жигердүү өнүгүп, Кыргыз-мажар өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Биз боордош мажар эли менен калыптанган эки тараптуу алакаларды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Экономикалык кызматташтыкты кеңейтип, соода байланышын күчтөндүрүшүбүз керек. Айрыкча, гидроэнергетика, жашыл экономика, туризм өңдүү тармактарда инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруубуз кажет. Бул жаатта Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү өтө чоң», - деди.

Муну менен катар Кыргызстандагы акыркы реформалар тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев чет элдик инвесторлор үчүн керектүү шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле алакаларды арттырууда парламенттик дипломатиянын салымы зор экенине токтолгон төрага депутаттык достук топторунун жана тармактык комитеттердин алкагында да кызматташтыкты өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Жолугушууда билим берүү багытындагы байланыштар тууралуу да сөз болуп, Мажарстандагы жогорку окуу жайларда билим алууну каалаган кыргызстандык студенттер үчүн жыл сайын 200 орун бөлүнүп жатканы айтылды.

«Университетти бүтүргөн жаштарыбыз эки элге данакер болуп, кыргыз-мажар кызматташтыгын бийик деңгээлге көтөрөт деген үмүттөмүн», - деди Нурланбек Шакиев.

Өз кезегинде Улуттук Ассамблеянын төрагасы жана президентинин милдетин аткаруучу Ласло Кёвер Мажарстан буга чейин батышка багытталган саясатты жүргүзүп келген болсо, акыркы жылдары чыгыштагы боордош мамлекеттерге багытталган саясатка өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

«Чыгышка карай бет буруу» аталышындагы бул саясатыбыздын алкагында Кыргызстан менен жигердүү кызматташууга кызыкдарбыз. Айрыкча соода байланышын өнүктүрүп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу башкы максатыбыз. Биз Кыргызстан үчүн Европага ачылган терезе болуп берүүгө даярбыз», - деди Ласло Кёвер.

Муну менен катар жолугушууда маданий алакалар тууралуу да айтылып, Ласло Кёвер кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айматовдун чыгармаларын мажар эли өтө баалай тургандыгын кошумчалады. Ал эми Нурланбек Шакиев мажар акыны Шандор Петёфинин чыгармалары кыргыз тилине которулуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле кыргыздар тууралуу изилдөө жүргүзгөн белгилүү мажар окумуштуусу Коңур Мандокинин эмгектери жөнүндө да сөз болду.

Андан тышкары, Мажарстанда ар эки жылда бир ири Курултайлар өтүп турарын айткан Ласло Кёвер быйыл августта боло турган Курултайга кыргыз делегациясын да күтөрүн билдирди.

Баарлашуу маалында ТүркПА өңдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий