• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо мөөнөтүн 5 күндөн 10 күнгө чейин узартуу демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште автоунааларды каттоо мөөнөтүн жөнгө салуу жол-жоболорун жакшыртууга багытталган “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору коррупциялык жосундарды четтетүү, жеке жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Автоунааларды каттоо жана кайра каттоо мөөнөтүн азыркы 5 күндөн 10 күнгө чейин узартуу демилгеси сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга баардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү жок. Муну эске албай коюуга болбойт.

Пикир

Оставить комментарий