• 88.68
  • 95
  • 0.95

Шакиев Ирандын Ислам Кеңешинин Межлисинин төрагасына терактка байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Ирандын Керман шаарында катталган терактка байланыштуу аталган өлкөнүн Ислам Кеңешинин Межлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибафга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

Парламенттен билдиришкендей, телеграммада мындай деп айтылат:

"Керман шаарындагы бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип, көптөгөн жарандарды жарадар кылган террордук акт тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы терроризмди, ошондой эле жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган анын бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт.

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жалпы боордош иран элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, адамгерчиликсиз жана ырайымсыз чабуулдун натыйжасында жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тилейм".

Пикир

Оставить комментарий