• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЖК төрагасынын орун басары Евразия Аялдар форумуна катышууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жана депутат Гүлшат Асылбаева Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Евразия Аялдар форумуна катышууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйылкы форум Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңеши жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан уюштурулуп, “Аялдар: жаңы миссиядагы глобалдык миссия” темасында өтүүдө. Анда туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө аялдардын ролун күчөтүү, эл аралык кызматташтыкты арттыруу, ошондой эле глобалдык көйгөйлөрдү жаңы реалдуулукта чечүү багытытындагы маселелер талкууланууда.

Иш-чарага аял депутаттар, аткаруу бийлигинин, эл аралык уюмдардын, глобалдык корпорациялардын, бизнес чөйрөлөрдүн, илимий коомчулуктун, коомдук уюмдардын жана кайрымдуулук долбоорлорунун өкүлдөрү, эл аралык аялдар кыймылынын кадыр-барктуу ишмерлери катышууда.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева мамлекет ичинде жана дүйнөлүк алкакта жалпы адамзатка тиешелүү маселелерди чечүүдө аялдардын ролу жогору экенин белгилеп, алардын парламенттеги орду жөнүндө да ой бөлүштү.

Кошумчалай кетсек, форум эл аралык уюмдардын катышуусу менен пленардык сессиялар, стратегиялык жана эксперттик сессиялар, дискуссиялык аянтчалар, анын ичинде лидерлердин пикир алмашуусу, паритеттик талкуулар, мамлекеттик-жеке жана бизнес диалогдору, вебинарлар, семинарлар менен коштолууда.

Андан тышкары, глобалдык коопсуздукту камсыздоодо, социалдык прогрессте, экономикалык өсүштүн жаңы моделдерине өтүүдө, саламаттыкты сактоону жана жогорку технологиялуу өндүрүштү өнүктүрүүдө, экология менен климаттын глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын жаңы ролу каралууда.

Форумдун программасынын эң маанилүү бөлүгүндө эл аралык уюмдардын жана ассоциациялардын катышуусу менен эксперттик сессиялар мерчемделген. Алардын арасында Аялдар жыйырмасынын визит сессиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайын өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) сессиясы, Дүйнөлүк банк, БРИКС Аялдар Бизнес Альянсынын жыйыны, APEC эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн жана катышуучуларынын эл аралык клубу ( APEC BEST AWARD) жана Эл аралык аялдар клубу ошондой эле аймактык лидерлердин отурумдары бар. Биринчи жолу Форумдун алкагында Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун Ядролук энергетика агенттигинин Эл аралык жумушчу тобунун Ядролук чөйрөдөгү гендердик тең салмактуулукту жакшыртуу боюнча жыйыны өтүүдө.

Белгилей кетсек, үчүнчү ирет өткөрүлүп жаткан Евразия Аялдар форуму планетанын бардык континенттеринин лидер аялдарынын башын бириктирген ири аянтча болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий