• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Кореянын Тэгу шаарындагы Боёк жана дизайн технологиялар институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Корея Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында Тэгу шаарындагы Корея боёк жана дизайн технологиялар институтуна (DYETEC) барып, өндүрүштүк ишканаларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алгач аталган институттун Башкармалыгынын төрагасы Чо Санг Хёнг мекеме тууралуу кеңири маалымат берип, текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы ишмердүүлүгү боюнча кеп кылды. Тагыраагы, 1994-жылы түптөлгөн DYETEC институту текстиль ишканаларын изилдөө, прототип түзүү, дефекттик анализдөө жана жаңы экологиялык таза технологияларды жайылтуу жаатында кызмат көрсөтөт. Кошумчалай кетсек, Корея Республикасы текстиль өндүрүшү боюнча дүйнө өлкөлөрү арасында төртүнчү орунда турат.

Институттун жетекчилери менен баарлашуу учурунда төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасап келе жатканын белгилеп, аталган тармак жогорку экспорттук потенциалга жана чоң социалдык мааниге ээ экенин кошумчалады.

“Баарыбыз билгендей, Корея Республикасы өнөр жайын өнүктүрүүдөгү алгачкы кадамдарын текстиль өнөр жайынан баштаган. Андыктан бул жааттагы алдыңкы тажрыйбаларынан пайдаланууга кызыкдарбыз. Текстиль жана тигүү ишканаларынын өндүрүштүк технологиясын өркүндөтүү максатындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу башкы максатыбыз. Айрыкча DYETEC институтунун адистеринин тажрыйбасы биздин компанияларда да ийгиликтүү колдонулуп, өнөр жай ишканаларыбыздын эл аралык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна жана өз ишмердүүлүгүнө инновациялык ыкмаларды киргизүүсүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз”, – деди төрага.

Муну менен катар Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты жаратуу жаатында жасалып жаткан аракеттерге учкай токтолгон Нурланбек Шакиев республикада кореялыктардын катышуусу менен 1000ден ашык ишканалар иштеп жатканын маалымдады.

Ошондой эле жолугушууда 2024-2028-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында Санарип текстиль борборун түзүү боюнча 9,3 млн долларлык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Жогорку Кеңештин төрагасы аталган долбоор аркылуу Кыргызстанда технологдордун, менеджерлердин жана тигүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк жаралып, натыйжада өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын ачууга өбөлгө түзүлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, Корея боёк жана дизайн технологиялар институту Кыргызстан менен буга чейин да кызматташып келген. Сапардын алкагында да жеңил өнөр жай тармагына тиешелүү бир катар долбоорлор тууралуу сөз болуп, аларды ишке ашыруу жаатындагы маанилүү сунуштар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий