• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Улуу Британиянын ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Лорд Ахмад Тарики менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык, айрыкча соода байланыштарын чыңдоо маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев эгемендүүлүк алган жылдардан бери Жогорку Кеңештин делегациясынын расмий иш сапары алгач ирет уюштурулганын белгилеп, тарыхый сапар мындан акыркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирди.

Ошондой эле төрага Кыргызстандагы акыркы реформалар жана жаңылануулар тууралуу сөз кылды.

“Коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жаатында алгылыктуу иштер жасалууда. Айрыкча, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарына өзгөчө көңүл бурулуп, жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу аракети көрүлүүдө”, – деди Шакиев.

Муну менен катар чет элдик инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын ишкерлерин Кыргызстандагы тоо кен, гидроэнергетика жана жашыл экономика өңдүү тармактарга инвестиция салууга чакырды.

“Аталган багыттарда Кыргызстандын потенциялы өтө чоң. Андыктан, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, экономикалык байланыштарыбызды өнүктүрүүбүз кажет”, – деди төрага.

Өз кезегинде тышкы иштер боюнча мамлекеттик министр Лорд Ахмад Тарики Борбор Азия чөлкөмү Улуу Британия үчүн маанилүү аймак экенин белгилеп, анын ичинен Кыргызстан менен кызматташуу артыкчылыкка ээ экенин кошумчалады.

“Биз калыптанган кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүп, ар тараптуу алакаларды арттырууга кызыкдарбыз. Бүгүн сиз жетектеп келген парламенттик делегациянын тарыхый сапары мындан аркы байланыштарды өнүктүрүүгө көмөкчү болоруна терең ишенем”, – деди Лорд Ахмад Тарики.

Мындан тышкары, эки өлкө эл аралык алкакта да кызматташып келе жатканын айткан министр Бириккен Улуттар уюмундагы айрым маселелерде Кыргызстандын көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий