• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Венгриянын Лакителек аймагындагы манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.02.24./Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга (Мажарстан) расмий иш сапарынын алкагында Лакителек аймагындагы фольклордук борборго барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду.

Алсак, аталган фольклордук борбор Мажарстан мамлекетинин Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак тарабынан негизделген. Анда мажар элинин маданиятын, руханий баалуулуктарын камтыган иш-чаралар өтүп, байыркы доор менен азыркы учурду айкалыштырган көргөзмөлөр орун алган.

Андыктан аталган маданий жайга кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаевдин айкелин орнотуу демилгеси көтөрүлүп, былтыр август айында ачылышы өткөн.

Төрага Нурланбек Шакиев демилгени колдогон борбордун жетекчиси, Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежакка ыраазычылык билдирди.

«Фольклордук борбордо залкар манасчынын айкелинин орун алышы, боордош эки мамлекеттин маданий байланышын арттырууга эле өбөлгө түзбөстөн, Мажарстан элинин кыргыз маданияты менен таанышуусуна да көмөкчү болот», - деди ал.

Андан соң төрага Нурланбек Шакиев фольклордук борбор менен таанышып, мажар элининин маданий-илимий жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмөлөрдү көрүп чыкты.

Эскерте кетсек, манасчынын айкелин белгилүү мажар айкелчиси Дьёрдьи Лантош жасаган.

Пикир

Оставить комментарий