• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

14-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.02.24./Кабар/. Бүгүн күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 10…15, Таласта 8…13, Ысык-Көл облусунда күндүз 3…8 жана Нарында -4…+1 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 13…18 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкек шаарында жаан-чачын ыктымалдыгы аз, күндүз 13…15 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий