• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында дагы эки социалдык дарыкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.02.24./Кабар/. Күн мурун Ош шаарында үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2,3 филиалдарында социалдык дарыканалардын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу, баа саясатын туруктуу кармоо үчүн өлкө боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу маанилүү экенин белгилешти.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаары аймагында 4 социалдык дарыкана ачылып, башка жеке дарыканалардан айырмаланып, 1,2-топтогу майып жарандар 25%, 3-топтогу жарандар 15%, калган жарандар 10% арзандатылган дары-дармектер менен камсыз болушкан.

Пикир

Оставить комментарий