• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шалта айылында мас айдоочунун катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Чүйдүн Шалта айылында 25-августта мас айдоочунун катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, “Тойота Ист” унаасынын 23 жаштагы айдоочусу ооруканага колу сынып, денеси көк ала болуп өзү кайрылган. Ал унаадагы жабыркаган адам ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгынын экинчи катышуусу “Опель Вектра” унаасынын 48 жаштагы айдоочусу бутунан жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ал мас абалында болгону айтылат.

Эки унаа тең айып аянтчасына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий