• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Жаап өткөн жана 29-31-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

"Жаап өткөн жана 29-31-мартта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 67-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, айрым тилкелерде жол тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий