• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Ташкент шаарында Улуттук гвардия менен Ички иштер министрликтеринин бөлүмдөрү 28-марттан тарта атайын техниканын жардамы менен дезинфекциялоо иштерин баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Атайын техника коомдук жайларды, соода түйүндөрүн, мамлекеттик мекеме жана уюмдарга караган жерлерде, шаардын кире беришиндеги посттордо дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда коронавирусту 104 киши жуктурган. Өзбекстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.

Пикир

Оставить комментарий