• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ШКУ лидерлери “Самарканд Жибек жолу” туристтик комплексинде бак отургузушту

Президент 0

Бишкек, 15.09.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине келген мамлекет башчылары менен бирге көчөт отургузууга катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Символикалык иш-чарага Өзбекстанга ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына келген бардык 15 өлкөнүн лидерлери катышты.

Көчөттөрдү биргелешип отургузуу ШКУнун саммити өтүп жаткан «Самарканд Жибек жолу» туристтик комплексинде өттү.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров өлкө башчылары менен бирге «Түбөлүк шаар» комплексинде болуп, ал жердеги орто кылымдардагыдай стилдештирилген базарды, карапа, жибек кагаз, зергерчилик, килем токуу жана башка буюмдарды жасоочу устаканаларды көрүп чыкты.

“Түбөлүк шаар” менен таанышкандан кийин мамлекет башчылары майрамдык концерттик программанын коштоосундагы бейформал сый тамакка өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий