• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Штаб COVID-19дун жайылышын алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгат

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бүгүн кечке чейин COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча чаралар иштелип чыгат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал белгилегендей, бир айдын ичинде Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында коронавируска чалдыккан адамдарды саны өсүүдө.

“Бүгүн түшкү саат экиде Республикалык штабдын кеңейтилген жыйыны болот, анда чаралар кабыл алынат. Көптөгөн балдар эс алуудан келишти. Көбү аймактардагы чоң-ата, чоң апаларыныка барып келди. Мектептер кандай ачылат, эмне кылышыбыз керек деген суроо турат. Эмнеге өсүү байкалууда. Анткени, шайлоо кампаниясы жүрүүдө. Мурда иштелип чыккан алгоритм жокко чыгарылган жок. Бирок, ал сакталган дагы жок. Республикалык штабда шайлоо учурунда оорунун көбөйүшүн алдын алуу боюнча чараларды кабыл алабыз. Оорунун экинчи толкуну күздө өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодон жана митингдерден кийин башталган. Биз аны көзөмөлдөп, араң дегенде калыбына келтирдик”, - деди ал.

Министр билдиргендей, теориялык жактан оору өсөт деп айтууга болот.

“Бирок биз токтотуу жана көзөмөлдөө үчүн бардык чараларды көрөбүз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий