• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Слово Кыргызстана" гезитинин жамааты ЖК депутатын сотко берүүнү көздөөдө

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Кабар/. "Слово Кыргызстана" баылмасынын эмгек жамааты Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкованы жалган жалаа жапканы үчүн сотко берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Слово Кыргызстана” басма үйүнүн директору, башкы редактор Тамара Слащева билдирди.

undefined

Анын айтымында, марттын башында премьер-министринин буйругу менен ал кайрадан гезиттин башкы редактору болуп дайындалган.

“Жамаатта иш кадимки жана тынч жолго кайтып келди. Гезит ошол эле форматта жана ошол эле убакта чыга баштады. Бизде эч кандай уруш-талаш жок жана жумуштар кадимки тартипте жүрүп жатат”, - дейт ал.

Слащева гезитти чыгаруу боюнча басмакананын айланасындагы бардык ызы-чууну Жанна Каримова деген адам чыгарып жаткандыгына токтолду.

“Ал 2018-жылдан бери жарнама материалдарын жайгаштыруу үчүн жеке адам катары гезит беттерин сатып алган. Жарнама жарыялангандан кийин акча төлөп турган. Бирок ал штатта иштечү эмес. 2020-жылдын октябрь айына карата Каримованын 120 миң сом карызы бар болгон. Карызды төлөөнү талап кылганда Каримова мага жана жамаатка каршы каралоону баштады. Гезиттин бир катар кызматкерлери менен бирге өкмөткө жана ар кайсы органдарга кат жолдоп, жалган маалыматтарды тарата баштаган. Аны менен бирге Каримова коркутуп-үркүткөн сөздөр камтыган каттарды да жибере баштаган. Биз буга чыдабай, милицияга кайрылдык. Азыр Биринчи Май райондук милициясы сотко чейинки өндүрүштү баштады”, - деди башкы редактор.

Эскерте кетсек, кечээ парламентте Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова “Слово Кыргызстана” гезити мамлекеттин жана гранттын колдоосуна карабастан 4 миллион сомго жакын карызы менен банкрот болууда жана журналисттерге айлык төлөнбөй жатканын айткан.

“Депутат фискалдык органдар редакцияны текшериши керек деди. Анын сөздөрү чындыкка дал келбей тургандыгын белгилегим келет. Такталбаган жана жалган жалаа жапкан маалыматтарды таратууга жол берилбейт. Биздин жамаатта бардыгы тынч, иш мурдагыдай уланууда”, - деди Слащева.

Басылманын башкы бухгалтери Людмила Параскевопуло маалымдагандай, гезиттин бардык журналисттери айлык алышат. Бир катар жагдайларга байланыштуу толугу менен айлыкты төлөө мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

“Анын баары бизге акча кандайча келип жатканына байланыштуу. Маселен, гезиттин “Учкун” басмаканасына 1,3 миллион сом карызы бар, бирок бул депутат айткандай 4 миллион сом эмес. Бул карыз мурун эле пайда болгон жана ошол бойдон сакталып турат. Учурда айлык акы боюнча 300 миң сом карыз бар. Бул айдын аягына чейин төлөнө турган бир айдын эмгек акысы”, - дейт бухгалтер.

“Гезит өзүн-өзү каржылайт. Строкова менин 1 миң доллар айлык аларымды айтты. Мындай акчаны гезиттен эч ким албайт. Депутат айтардан мурун баарын текшерип чыгыш керек болчу. Бул үчүн биз аны сотко бере алабыз”, - деп белгиледи Слащева.

Строкованын үстүнөн арыз жазышабы же жокпу деген суроого, Слащева сотко кайрылууну көздөп жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий