• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сода буттагы жагымсыз жытты кетирет

Дүр дүйнө 0

Ар бир үйдө тамак-аш содасы бар. Бул көптөгөн маселелерди натыйжалуу жана арзан чечүүчү баалуу продукт. Аны үй-тиричилигинде, ошондой эле ден соолукка байланыштуу да колдонууга болот. Алдыда соданы колдонуунун 10 сыры сунушталды.

Тамак-аш содасы – бул ак түстөгү майда порошок. Демейде аны нан азыктарын жасаганда көптүргүч катары колдонушат. Ал мыкты тазалоочу каражат дагы. Бирок муну менен эле анын пайдалуу касиеттери бүтпөйт.

Тамак-аш содасын кантип колдонууга болот?

  1. Сүткө эритилген бир чай кашык сода жана бал жөтөлдү жеңилдетип, какырыкты жумшартат. Жумшартуучу гана эмес, сода антисептиктик таасирге да ээ. Ошондуктан тамак ооруганда сода кошулган суу менен тамакты чайкоо пайдалуу.
  2. Эгерде сүттү иче албагандар болсо, сода аралашмасы менен ингаляция жасаган жакшы. Бир чоң кашык сода кошулган кайнак сууга эфир, кайың, эвкалипт же розмарин майын кошуп койгон жакшы.
  3. Зарынаны кетирүүдө кашыктын төрттөн бир бөлүгү менен соданы жарым стакан сууга кошуп ичүү зарыл. Ал ашказандагы кычкылды жөнгө салып, зарынаны дароо басат. Анткен менен аны көп колдонуу тескери таасир берет. Ошондуктан башка дары-дармек жок болуп калганда гана соданы колдонууга болот.
  4. Сода организмден суюктукту чыгарууну шарттайт. Ошондуктан аны башка кан басымын төмөндөтүүчү дарылар жок болуп калса, гипертонияда колдонууга болот.
  5. Кислотага күйүп калган шартта сода аралашмасы менен кислотанын таасирин дароо токтотууга болот. Содалуу суу менен жасалган ванна күн нурунун күйүгүндө жакшы жардам берет.
  6. Жагымсыз тер жытын кетирүүдө сода эң жакшы каражаттардын бири. Ал кычкыл чөйрөнү жөнгө салат. Белгилүү болгондой, бактерия жана грибоктор дал ушундай чөйрөдө көбөйүп, терге жагымсыз жыт берет. Ошондуктан жуунган соң, колтукка, такымга, таманга тамак-аш содасын сүйкөп коюу керек. Бут кийимди да сода менен сүртүп же соданы жөн гана себелеп койсо болот.
  7. Панариция деп аталган тырмактын алдынын ириңдеп кетүү оорусун айыктырууда сода кошулган ысык суу жакшы жардам берет.
  8. Буттун грибоктон жабыркашында дагы соданы алдын алуучу каражат катары колдонууга болот. Өтүшүп кеткен грибокту дарылоого атайын дарылар керек. Бирок, бассейн, мончо жана көл жээгинен кийин оорунун алдын алуу үчүн сода кошулган жылуу сууда ванна жасоо бутка пайдалуу.
  9. Сода аралашмасы чиркей чакканда жардам берет. Айрым адамдардын териси назик келет. Ошондуктан дача жана жаратылышта жүргөндө жаныңызга сода алып алсаңыз да болот.
  10. Сода мыкты косметикалык каражат. Аны самын көбүгү же бет жуучу гель менен аралаштырып беттин терисиндеги өлгөн клеткаларды жана майда тешикчелерди тазалоого колдонсо болот. Тери жылмакай жана назик болуп калат. Бул өзгөчө сезимтал жана дүүлүгүүгө жөндөмдүү терилерге ылайыктуу. Анктени сода ооруксунууга каршы жана жумшартуучу касиетке ээ.

Күнүмдүк турмуштагы жөнөкөй каражаттарды колдонуу менен көп маселелерди чечүүгө болору абдан кызыктуу. Кийинки макалабыз жусайдын пайдалуу касиеттери тууралуу болмокчу, андыктан биздин сайтты акмалап туруңуздар.

Пикир

Оставить комментарий