• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чай менен дары ичүүгө болобу?

Дүр дүйнө 0

Эмне үчүн чай менен дары ичүүгө болбойт? Себеби чайда ровсун (танник) элементи бар. Аны менен көптөгөн дарыларда биологиялык негиз түрүндө дарылар жана металл туз сыяктуулар эрибейт. Ошондуктан дарыны чай менен ичкенде аны кабыл албайт. Дайыма дарыны кайнатылган суу менен ичүү керек.

Чайдын чамасынын пайдасы:

Чайдын чамасын гүл өстүргөн идишке салып койсо, андагы топурактын нымдуулугун көпкө кармайт. Ошондой эле ал семирткич катары да өбөлгө түзөт.

Чайдын чамасын кургатып коюп кышкысын мешке от күйгүзүүгө тамызкы катары пайдаланса да болот.

Кургатылган чайдын чамасын көмүргө аралаштырып мешке салып койсо анын табы көпкө сакталып турат.

Ар кандай айнек идиштер, күзгүлөр, терезелер кирдеп калган учурда чайдын чамасы салынган сууга чыланган чүпүрөк менен сүртсө тез тазарып, тунук көрүнөт.

Кургатылган чайдын чамасын жагымсыз жыттар менен жыттанган дааратканаларга төгүп түтөтсө, анда ар кандай жыттар тез жоголот.

Кокус сарымсак, пияз ж.б., ачуу тамактарды жеген адамдын оозу жыттанып калса, анда кургак чайды чайнаса тез жоголот.

Кирдеген идиш аяктарды, казанды, жыгач отургучтарды чайдын чамасы менен жууса, аны өңүнө чыгарып жылтыратат.

Пикир

Оставить комментарий