• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта өспүрүм кызды белгисиз жаран бычак менен коркуткан

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Сокулук районундагы дүкөндөрдүн биринде өспүрүм кызды белгисиз жаран бычак менен коркуткан. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-январда Сокулук райондук милициясына арыз менен Студенческое айылынын 57 жаштагы М.Б. аттуу тургуну кайрылган.

“Саат 19:20лар чамасында ошол эле айылдагы дүкөнгө ак түстөгү медициналык беткап менен колкап кийген белгисиз адам кирип келип, 17 жаштагы М.Т. аттуу кызды бычак менен коркута баштаган. Ошол маалда дүкөнгө кардар кирип калганда шектүү кассадагы акчаны алып, арткы эшик аркылуу качып кеткен”, - деп айтылат жарандын кайрылуусунда.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (“Каракчылык”) көрсөтүлгөн курам менен иш козголгон. Учурда кылмыш иши боюнча баардык ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий