• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта турак үй өрттөнүп, эки адам күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Сокулук районунда турак үй өрттөнүп, эки адам күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Новопавловка айылынын Ата-Журт конушунда жыгач устундуу темир менен жабылган 100 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 2 бөлмө, үй-тиричилик буюмдары толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 2018-жылы туулган Н.С. аттуу кыз денесинен күйүк алып, анын апасы А.А. ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий