• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүн Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 1-апрелде таңкы саат 05:13тө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирет.

Жер силкинүү Базар-Коргон районунун Арсланбап, Косо-Терек, Кызыл-Үңкүр айылдарында 4,5 балл, Гүмкана, Көк-Алма, Жазы-Кечүү, Жай-Терек айылдарында 4 балл, Ноокен районунун Тоскоол айылында, Сузак районунун Ак-Тоок, Сары-Булак айылында, Кара-Көл шаарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий