• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Соль-Илецктен келген жарандардын ичинен 41 киши Баткен облусунун тургуну – Саттарова

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Соль-Илецктен келген жарандардын ичинен 41 киши Баткен облусунун тургуну болот. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова билдирди.

Белгилей кетсек, Россиянын Соль-Илецк шаарынан Бишкекке 541 жаран келген. Алардын ичинен 100дөн ашык кишиде коронавирус табылган. Алар менен байланышта болгондору обсервацияда калтырылып, ПЧР анализдери таза чыккандары жашаган жери боюнча үй карантинине чыгарылган.

Анын айтымында, алардын ичинен беш адамдан коронавирус аныкталып, алар Бишкек шаарында дарыланып жатат.

"Калган 36 тургун ПЧР анализдери таза чыккандыктан облуска жөнөтүлгөн. Алардын ичинен жети киши оору аныкталган адамдар менен байланышта болгондуктан Лейлек районунда обсервацияга жаткырылды. Калган 25 киши үй карантинине алынды. Төрт киши жолдо келе жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий