• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков Япония императорунун тактыга отуруу салтанатына катышат – элчи

Саясат 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Япония императорунун тактыга отуруу салтанатына катышат. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы жаңы элчиси Сигэки Маэда билдирди.

Бүгүн Кыргызстандын мамлекет башчысы алты өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды.

Элчи бүгүн президент Жээнбеков менен сүйлөшкөндүгүн, анда эки өлкө ортосундагы алакаларды өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын айткандыгын билдирди. "План боюнча 22-октябрда Сооронбай Жээнбеков Японияга иш сапары менен барат. Биздин императордун тактыга отуруу салтанатына катышат. Биз Кыргызстандын президенти аталган иш-чарага катыша турганына өтө кубанычтабыз жана сыймыктанабыз. Жээнбеков өтө турган иш-чарага кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле, ал эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшаарын айтты", - дейт Маэда.

Япониянын элчиси белгилегендей, ал Тышкы иштер министрлигинде иштеген эмес. Бирок, Япониянын соода-өнөр жай палатасында 38 жыл эмгектенген.

"Кыргызстандагы Япониянын элчиси катары элдик экономиканы өнүктүрүүнү көздөйм. Анткени, бул тармак Кыргызстанда жакшы өнүккөн эмес. Кошкон салымын сезилээрлин болот деп ишенем", - дем белгиледи элчи.

Пикир

Оставить комментарий