• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматка киришти

Саясат 0

Бишкек, 24.11.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө Кыргызстандын президенти кызматына киришти.

Бүгүн Мамлекет башчынын кызматына өтүү салтанаты Бишкектеги мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясынын “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өтүп жатат.

Салтанаттын жүрүшүндө Жээнбеков ант берди. Андан соң, БШК Төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага өлкө башчынын күбөлүгүн, төш белгисин тапшырды.

Андан сырткары, Алмазбек Атамбаев президенти штандарты – Кыргызстандын желегин өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий