• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга расмий иш сапары менен барат

Президент 0

Бишкек, 08.07.19. /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусу боюнча 2019-жылдын 9-11-июлунда Швейцария Конфедерациясына расмий иш сапары менен барат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Ал белгилегендей, Президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапарынын жүрүшүндө Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Швейцариянын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

«Соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, банк чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүүгө жана парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатканын белгиледи.

Андан тышкары, Сооронбай Жээнбековдун Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу болот, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

«Бизнес-диалог Кыргызстанда чыгарылгын товарларды Швейцарияга экспорттоону көбөйтүүгө жана Швейцариянын тажрыйбасын Кыргызстанга тартууга басым жасоо менен Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын аныктоого жана орнотууга мүмкүнчүлүк берет», — деди Данияр Сыдыков.

Иш сапардын жыйынтыгы эки тараптуу мамилелердеги саясий диалогдун жогорку деңгээлине жана өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл чөйрөлөрдө кызматташууну иш жүзүнө ашырууга кошумча түрткү берери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий