• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда адам курмандыктарына алып келген өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдиргендей, жакынкы күндөрү Ош облусунун Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорундагы кар көчкүнүн натыйжасында үч адам каза болгон. Учурда аталган тилкелерде КР ӨКМ жана КР Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматтары менен биргеликте куткаруу бригадалары тараптан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана жол тазалоо иштери жүрүүдө. Чоң-Алай районунда турак-жайы кар көчкү астында калган эки үй-бүлөгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте кийим-кечек жана азык-түлүк иретинде гуманитардык көмөк көрсөтүлдү. Ал эми жабыркагандар ӨКМ тарабынан берилген мобилдик турак-жайга көчүрүлдү.

ӨКМ маалыматында, бүгүнкү күндө кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда беш багыт боюнча: Ош облусунун Чоң-Алай, Алай жана Кара-Кулжа райондорунда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда, Ысык-Көл облусунун Каракол-Эңилчек жол тилкесинде жана Нарын облусунун Бишкек-Нарын-Торугарт автожолдорунда кырсыктын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга, аймактарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин жүргүзүүнү үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыз кылып турууну жана бул максатта убагында финансылык каражат бөлүүнү тапшырды. Ошондой эле табигый өзгөрүүлөр шартында калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте иш алып барууну күчтөндүрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий