• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот Бектур Асановго дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгууга уруксат берди

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучу Бектур Асановго дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага өлкөдөн чыгууга уруксат үстүбүздөгү жылдын 19-апрелине чейин берилген.

Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Асанов кемпир-абад иши боюнча айыпталууда.

Буга чейин анын баш коргоо чарасы эч жакка чыкпоо тилкатына өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий