• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот департаментинен 15 ноутбук уурдалган

Коом 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Бишкектеги Сот департаментинин имаратынан 15 ноутбукту уурдоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, апрелдин башынча милицияга ноутбуктар уурдалганы тууралуу арыз менен департаменттин статс-катчысы кайрылган.

Анын айтымында, 1-марттан 29-мартка чейинки аралыкта белгисиз киши департаменттин имаратка кирип Aser ТМР 259-G2-M-C маркасындагы 15 ноутбукту уурдап кеткен. Алардын жалпы баасы 700 миң сомду түзөт.

Бул кылмышка шектүү катары 24 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалды. Ал үйдү тинтүү учурунда уурдалган 11 ноутбук табылды.

Пикир

Оставить комментарий