• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцөнүктүрүү министри Кочкоров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен согуштун катышуучулары Кавешников Василий Тихонович жана Алеев Фатих Хасяновичти үйүнө барып куттуктап, аларга конверт тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, министр алардын баатырдыгы, эр жүрөктүгү жана бизге тартуулаган тынчтык үчүн терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

"Бул күн биздин жашообузда өзгөчө мааниге ээ. Сиздердин эрдигиңиздерди эч качан унутпайбыз жана кандай кыйынчылык менен жеңишти алып келгендигиңиздерди ар дайым эстеп жүрөбүз", - деп билдирди Кочкоров.

Министликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 234 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жашайт, алардын ичинен 59 майып, 143 катышуучу, 15 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 17 Ленинграддын блокадачылары.

Ошондой эле 1711 ооруктагы эмгекчилер, 3 эмгек армиячылары, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин 3 үй-бүлөсү, 2169 Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жесири (согуш бүткөндөн кийин каза болгондордун жесирлери).

Ушул жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгынын урматына бир жолку акчалай жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдө берилди:

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарына, ошондой эле Ленинград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына 75 000 сом;

- Оруктун эмгекчилерине, эмгек армиячыларына, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 15 000 cом. Жеңилдиктердин ордуна акчалай кенемте төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

– 7000 сомдон Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, ошондой эле Ленинград блокадачыларына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;

– 2000 сомдон майыптыгы бар оруктун эмгекчилерине жана эмгек армиячыларына;

– 1000 сомдон Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн сыйлыгы бар ооруктун эмгекчилерине.

10 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендияны Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, ошондой эле концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана Ленинград блокадачылары алышат.

Акчалай кенемтелерди жана өмүр бою берилүүчү стипендияларды ай сайын төлөө өз убагында жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий