• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун чекист-ардагерин Жеңиш күнү менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05. 20. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жетекчилиги жана өздүк курамы Улуу Ата Мекен согушунун жана КР улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Кавешников Василий Тихонович келе жаткан Жеңиш күнүнүн 75-жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Василий Кавешников 1925-жылы Воронеж областындагы Козлов районунун Костино-Отделец айылында туулган.

Ал өзүнүн эмгек жолун Ош областынын Сүлүктү шаарындагы “Сүлүктү” кен башкармалыгынын статистиги катары баштаган. Мамлекеттик коопсуздук органдарында 1944-жылдан 1985-жылга чейин иштеген. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин аяктаган. ИИМ райондук бөлүмүнүн атайын комендатурасынын коменданты катары иштеп баштап Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук органдарынын бөлүм башчысы болгуча бардык кызмат тепкичтерин басып өткөн.

Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда Василий Кавешников көптөгөн мекемелик жана мааракелик медалдар менен сыйланган.

В.Кавешников менен жолугушууда, КР УКМК өкүлдөрү келе жаткан Жениш күнү менен куттуктап, улуттук коопсуздук органдарынын атынан терең ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий