• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токаев президент Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«1945-жылдын 9-майы элдердин тынчтык жана эркиндик үчүн фашисттик баскынчылык менен күрөшүндөгү ширелишкен биримдигинин, бузулгус ынтымагынын жана каармандыгынын символу катары түбөлүккө тарыхта калчу ыйык дата болуп саналат.

Өз керт башынын жана жан чыдагыс азап-тозоктун баасы менен майдан талааларында жана оорукта жалпы Жеңишти камсыз кылгандардын ысымдарын биз терең ыраазычылык жана сыймык менен эскерип келебиз.

Кыргызстан менен Казакстандын бир тууган элдеринин ортосундагы достук мамилелерди, ак ниет коңшулукту жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү биздин аталарыбыз менен чоң аталарыбызга көрсөткөн терең сый-урматыбыз болоруна ишенем», — деп айтылат телеграммада.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев бардык ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалаган.

Пикир

Оставить комментарий