• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцөнүктүрүү министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы жаңы кызмат көрсөтүүлөр ишке киргизилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Эми жарандар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жумуш издөөчү катары каттоого төмөнкү шилтеме менен он-лайн режимде арыз бере алышат: http://zanyatost.kg/

Ошондой эле порталда он-лайн режиминде кызыктырган маселелер боюнча консультация алууга, республика боюнча бош жумуш орундар менен таанышууга, коомдук акы төлөнүүчү жумуштар жана кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтарды билүүгө болот. Окуучулар жана кесиби жок жарандар үчүн, көндүмдөрүн аныктоо үчүн кесиптик багыт боюнча тесттерден өтүүгө болот.

Мындан тышкары, порталда жумуш берүүчүлөр үчүн маалымат берилген бөлүм иштеп жатат, анда алар өз вакансияларын zanyatost.kg порталы аркылуу онлайн режиминде илүү мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле порталда иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү бардык аймактык бөлүмдөрдүн байланыш маалыматы жайгаштырылган (даректери, телефон номерлери, электрондук почта).

Пикир

Оставить комментарий