• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Ак-Босого конушунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Эртең, 27-февралда Ак-Босого конушунда суу болбойт

Муниципалитеттен билдиришкендей, 27-февралда саат 9:00дөн 15:00гө чейин аталган конуштагы турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.

Суу Ак Босого-1, Ак Босого-2 конуштарында оңдоо иштерине карата өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий